Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Аламүдүндөгү тоодон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагындагы «Теплые ключи» эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун чокусунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Ал жерде куураган чөп жана арчалар өрттөнгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт 23-ноябрда саат 15:15 чамасында чыккан.

«Кечээ, 26-ноябрда Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 35 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, тоодо күйүп жаткан куураган чөп жана арчаларды өчүрүү иш-чарасы жүргүзүлүп, саат 13:45те өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен болжол менен 40 гектар жердеги куураган чөп жана арчалар күйгөн», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush басылмасы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагындагы «Теплые ключи» эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун чокусунда чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылып жаткандыгы тууралуу маалымдаган.

 «24-ноябрь күнү куткаруучулар өрт өчүрүү иш-чараларын жүргүзүп, караңгы киргенине байланыштуу саат 17:40та өрт өчүрүү убактылуу токтотулган. Болжол менен 40 гектар аянттагы кургак чөп жана арча күйгөн. Аламүдүн районунун №1 өрт өчүрүү бөлүмүнөн 35 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 10 адам жана 3 токой чарба кызматкери тартылды. Бүгүн, 25-ноябрда саат 07:30да өрттү өчүрүү үчүн Аламүдүн районунун №1 өрт өчүрүү бөлүмүнөн 35 куткаруучу жөнөтүлдү», - деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 306
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×