Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Аламүдүндөгү тоодон чыккан өрт өчө элек

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагындагы «Теплые ключи» эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун чокусунда чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылып жатат. Ал жерде куураган чөп жана арчалар өрттөнгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт 23-ноябрда саат 15:15 чамасында чыккан.

«24-ноябрь күнү куткаруучулар өрт өчүрүү иш-чараларын жүргүзүп, караңгы киргенине байланыштуу саат 17:40та өрт өчүрүү убактылуу токтотулган. Болжол менен 40 гектар аянттагы кургак чөп жана арча күйгөн. Аламүдүн районунун №1 өрт өчүрүү бөлүмүнөн 35 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 10 адам жана 3 токой чарба кызматкери тартылды. Бүгүн, 25-ноябрда саат 07:30да өрттү өчүрүү үчүн Аламүдүн районунун №1 өрт өчүрүү бөлүмүнөн 35 куткаруучу жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 541
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×