Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Токмокто үйлөрдү каптаган сууну тазалоого техникалар жетишпей, иш жай жүрүүдө (фото)

Turmush -  Токмоктогу бир катар кѳчѳлѳрдѳгү үйлѳрдү каптаган сууну тазалоого ѲКМдин Токмок шаарындагы өкүлчүлүгү, шаар мэриясынын жана муниципалдык башкармалыктын кызматкерлери жана он чакты техникалар тартылды.

Токмок шаарынын мэриясынан билдиришкендей, суунун мынчалык кѳп деңгээлде кѳтѳрүлүшү ар бир 10-15 жылда бир кайталанып турат.

«Негизи аз-аздан жылда эле болуп турат. Бирок мынчалык чоң кѳлѳмдѳ суунун кѳтѳрүлүшү 10-15 жылда бир кайталанат. Мынчалык кѳлѳмдѳгү суу акыркы 2003-жылы чыккан. Быйылкы жылы күн катуу жылып, тоодогу кар ээрип, суунун кѳп келиши себеп болуп жатат. Чу дарыясын байкасаңыздар суунун кѳлѳмү чоң экенин кѳрѳсүз. Туура жана туура эмес салынып калган ишканалар, май куюучу жайлар буга терс таасирин берип жатат. Мындан тышкары бул жактагы жергиликтүү тургундардын айрымдары ошол коллекторлорго ар кандай акыр-чикирлерди ыргытып, толтуруп салгандыктан суу ылдый кетпей топтолуп, ошонун кесепетинен да болууда. Бул дагы кѳйгѳй. Токмоктун ылдый жагы менен батыш тарабындагы кѳлдѳрдөн чыккан сууну да тазалоо боюнча иштер жүрүүдѳ», - деп айтылат маалыматта.

ѲКМдин Токмок шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Абдылдаевдин билдирүүсүндѳ, сууну тазалоодо айрым бир техникалар жетишсиз болууда.

«Техникалардын жетишсиздиги да көйгөй жаратууда. Мындан улам иш жай жүрүп жатат. Учурда Токмок шаарынын мэриясы, Токмок шаардык ѳзгѳчѳ кырдаалдар башкармалыгы, муниципалдык башкармалык бардык күчү менен бул ишке киришти. 10 чакты техникалар ишке кирип, 15 кѳчѳ тазаланып бүтүп калды», - деди ал.

Токмок шаарында үйлөрдү каптаган жерден чыккан суунун деңгээлин тѳмѳндѳтүү үчүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана жергиликтүү бийлик тарабынан жеринен чара көрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн башчысынын орун басары Урмат Керимов билдирген болчу.

«Бул кѳчѳлѳрдѳгү үйлѳрдѳн чыгып жаткан суу негизинен Чу дарыясы менен Шамшы дарыясындагы суунун деңгээлинин кѳтѳрүлүүсүнѳн болуп жатат. Мэриянын буйругу жана ѲКМдин тапшырмасы менен бүгүнкү күндѳ суунун деңгээлин тѳмѳндѳтүү иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда Победа кѳчѳсү тазаланууда. Калган кѳчѳлѳр да жакынкы убактарда тазалоо иштеринен ѳтѳт. Тазалоо иштерине 1 драгвайн, 1 грейдер, 1 экскаватор жана ѲКМдин 6 кызматкери, жергиликтүү бийликтин 8 кызматкери тартылды», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын бир катар кѳчѳлѳрүндѳгү үйлѳрдү жерден чыккан суу каптап жаткандыгын маалымдаган.

Крапоткина көчөсүндөгү №43 үйдүн кожоюну Элнура Шаршекееванын айтымында, мындай көрүнүш жаз мезгилинен бери эле кайталанып жатат.

«Үйүбүздүн жер тѳлѳсүнѳн суу чыгып, каптап жатат. Ичине кире албай калдык. Мындай көрүнүш Красная, Пионер, Крапоткина, М.Горький, Матросов, Ключевая жана башка кѳчѳлѳрдѳ да бар. Шаардын жетекчилери тазалап беребиз деди эле, күтүп жатабыз. Кыш келип, астыбыздан сыз ѳтүп жатат», - деди ал.

Тема боюнча: Токмокто үйлөрдү каптаган сууну тазалоого айрым ишканалар каршы чыгышууда, - тургундар (видео, фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 408
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×