Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Уйгурлардын үйлѳнүү тою: Күйөө бала кѳшѳгѳгѳ отуруп, келиндин эки колтугуна нан кыстырылды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Токмок шаарында уйгур улутундагы эки жаштын үйлѳнүү үлпѳт тою ѳттү. Алардын тоюна аймактык кабарчы күбө болуп келди.

Ысык-Ата районунда 1996-жылы тѳрѳлгѳн Абдурасул Умаров менен 1997-жылы тѳрѳлгѳн Азиза Улупкасымова экѳѳ 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлѳшүшкѳн.

WhatsApp Image 2017-11-23 at 00.57.26 (1)

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, уйгурлардын үйлөнүү тоюнда күйөө бала кѳшѳгѳгѳ отуруп, дасторконго сѳзсүз чүчбара коюлат. Бул жѳрѳлгѳ эки жаш чүчбарадай кѳп балалуу болушсун дегенди түшүндүрөт. Той болор алдында күйөө бала туугандары менен бирге тегерек-четтеги элдин баарына мечиттен тамак-аш беришет. Абдрасул тойдун алдында мечитте 400 кишиге тамак-аш берип, бата алды. Андан соң, ал Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылында жашаган ата-энесинин, бир туугандарынын батасын алып, кыздын үйүнѳ жѳнѳдү.

WhatsApp Image 2017-11-23 at 00.58.21

«Кыздын үйүнѳ келген учурда короого от жагып, кыз тараптын туугандары, жигиттер бийлеп, ырдап жатышыптыр. Күйөө бала менен барган меймандар менен кыз тараптын туугандары ортодогу от күйүп бүткүчө бийлеп, ырдап, андан кийин үйгѳ киришти. Үйгѳ киргенде күйөө бала жүгүнүп кирип, көшөгөгө отурду. Бир аздан соң күйөө баланын дос баласы кыздын жеңелеринен чапан, баш кийим сатып алып, аны күйөө балага кийгизди. Аны көшөгөдөн алып чыгып, кайын журту менен тааныштырды. Андан соң эки жаштын никеси кыйылды», - деди аймактык кабарчы.

Уйгурлар нике кыюу салтында ортого таттуу сууга нан чылап коюшат. Бул жаш үй-бүлөнүн жашоосу таттуу болсун деген ырым.

«Нике кыйылгандан кийин кызды каттап салынган бийик тѳшѳккѳ отургузуп, анын жанында бардык аялдар ырдап, бийлеп, аны менен коштошушту», - деди кабарчы.

Кызды күйөө бала үйүнѳ алып баргандан кийин аны туугандары менен тааныштырды. Ушул учурда Абдурасул эшикке чыгууга даярданып, бирок арты менен чыгып кетти. Бул ырым жүзүн бурбай, ушул үйдѳ бактылуу болуп жашоо дегенди түшүндүрөт экен. Чоң энеси келиндин башына ак вата коюп, жоолук салып, андан кийин ырыскылуу болсун деп эки колуна нан кыстырып койду.

«Жаштар унаага түшүп алып, жаш үй-бүлө менен сейилдөөгө чыктык. Эки жаш сүрөткө түшүштү. Кечке маал Токмок шаарындагы кафелердин биринде үйлѳнүү үлпѳт тою болду. Келиндин саламдашуусу бир топ жолу кайталанат экен. Анын биринде кездеме менен тѳшѳктѳр жолго салынып, ошол жерден кыз элге жүгүнүп ѳттү. Күйөө баланы столго отургузуп, келген коноктор белектерди тапшырып, атайын коюлган идишке акча таштап жатышты. Ал жерге түшкѳн акчаны аягында ырдап, эки жашты тааныштырган аял алып кетет экен. Ар бир столго экѳѳнүн аты жазылган торт коюлду. Тойдо кѳбүнчѳ бийлегенди жактырышат экен. Туугандары бата берип, тос сүйлөп жатканда кыз менен бала кѳкүрѳгүнѳ колун алып угуп турушту», - деди кабарчы.

WhatsApp Image 2017-11-23 at 00.57.25

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11065
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Sam100
16:05, 24 ноября 2017
Ар бир улуттун ар башка каада-салты бар! Баарынан да мечиттен 400 кишиге тамак-аш берип, бата алганы жакты. Батаны мечиттен алса, жакшы болот! Арак ичип алып анан бата бергендердин батасы эч убакта кабыл болбойт! Андай той зря откон той))) Азаматсынар! Каада-салтынар жакшы экен!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×