Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Ивановкада сатирик жана драматург М.Алыбаевдин 100 жылдыгына арналган адабий кече уюштурулду (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы Ч.Айтматов атындагы №1 мектеп-гимназиясында Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына карата адабий кече ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектеп-гимназиясынын мугалими Нуржан Ногойбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чарага Билим жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү секторунун адиси Т.Карагулова, Чүй облустук усулдук билим берүү бѳлүмүнүн адиси Э.Кудайбергенова, Ысык-Ата райондук билим берүү бѳлүмүнүн адистери Д.Калчаева, Б.Кондурбаева катышты. Кечеде акын тууралуу видеотасмалар кѳрсѳтүлүп, окуучулар тарабынан ырлары окулду. Мындан сырткары М.Алыбаевдин чыгармаларынан, сатираларынан театрлаштырылган үзүндүлѳр аткарылып, обондуу ырлары жаңырды. Ошондой эле мектептин «Муз чырак» ооз комузчулар ансамбли, «Кырк чоро» манасчылар тобу, «Агама» бийчилер тобу, «Жаш канат» эстрадалык триосу катышып, кеченин кѳркүн чыгарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×