Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кара-Балтада 3 жеңил унаа жана кичи автобус кагышып, 4 адам жабыркады

Turmush -  Кара-Балта шаарында жол-транспорт кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол кырсык бүгүн, 24-ноябрда эртең менен 08:00дөр чамасында болгон. Анда үч жеңил унаа жана бир жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус кагышып, анын кесепетинен 4 адам жабыркаган.

Алар:
- 1950-жылы туулган Ч.Т., Кара-Балта шаарынын тургуну;
- 1981-жылы туулган Ж.А., Кара-Балта шаарынын тургуну;
- 1965-жылы туулган А.А., Кара-Балта шаарынын тургуну;
- 1963-жылы туулган С.Н., Кара-Балта шаарынын тургуну.

Жабырлануучулардын баары аймактык оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 382
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×