Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Карышкырларга аңчылыкка чыккан Ж.Сыдыгалиев малга кол салган бөрүнү атып өлтүрдү (фото)

Turmush -  Кемин районунун 55 жаштагы тургуну Жаныбек Сыдыгалиев кичинекей кезинен бери мергенчиликке кызыгып, бош убактысында ушул иш менен алектенип келет. Ал көбүнчө карышкырларга аңчылыкка чыгат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жакында эле чоң бир карышкырды атып келген.

«Атам чабан болгондуктан кичинекей кезимден бери эле мал чарбачылыкка аралашып, аны менен катар мергенчиликке да кызыкчумун. Акыркы жети жылдан бери жалаң гана карышкырларга аңчылыкка чыгам. Анткени, малдарга кол салуулар көп болууда. Жакында эле Кеминдин чабандарынын жылкыларына карышкыр тийип, кырсык болду.

Биз көптөн бери мергенчиликке чыгып, бирок ийгиликсиз кайтып келип жатканбыз. Бул жолу бир бөрүнү атып алдык. Мен биринчи жолу карышкырды 1996-жылдары Ат-Башы өрөөнүнөн аткам. Жалпысынан алганда ушу күнгө чейин 20дай карышкыр аткам. Мындан тышкары, чөөлөрдү да атып, аларды акимиятка өткөрүп, акт түзөбүз. Менин оюмча, бул чабандар үчүн чоң жардам», - деди ал.

Жаныбек Сыдыгалиев мергенчиликтен тышкары 25 жылдан бери Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканасында энергетик болуп эмгектенип жана бала бакчада чарба иштерине жардам берет.

Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн 2 чакырылышындагы айылдык кеңештин төрагасы Ж.Сыдыгалиев 1962-жылы Кемин өрөөнүндө төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 кызы, 1 уулу жана 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1155
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×