Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Аламүдүндөгү тоодо 15 га жердеги куураган чөп өрттөндү

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагындагы «Теплые ключи» эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабындагы тоонун чокусунда кечээ, 23-ноябрда саат 15:15 чамасында куураган чөп жана арчалар өрттөндү.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, болжол менен 15 гектар аянтта куураган чөп жана арча күйгөн.

«Өрттү өчүрүүгө Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу жана токой чарба кызматкерлери жиберилди. Караңгы киргендигине байланыштуу өрт өчүрүү иштери саат 20:10до убактылуу токтотулду», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 388
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×