Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

«Тагдыр»: 24 жаштагы С.Абдырахманованын эки бөйрөгү тең соолуп, операция жасатууга муктаж (фото)

Turmush -  Чүй районунун Кара-Дөбө айылынын 24 жаштагы тургуну Сафура Абдырахманова 3 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын эки бөйрөгүн тең алмаштыруу керек. Бирок С.Абдырахманова акча каражат таппай, кайдыгер карабаган жарандардан жардам суроого муктаж болууда.

«Оору менен жабыркаганыма 3 жылдан ашты. Анализ тапшырсам дарыгерлер бөйрөктөрүм соолуп калганын айтып, алмаштыруу керкектигин билдирди. 2 айдан бери гемодиализ менен жашап жатам. Бөйрөктү биздин өлкөдө алмаштырбайт экен. Мындай операциялар Түркия, Казакстан, Кытай жана Россияда жасалат.

Өзүм кесибим боюнча иштеген жокмун. Ал эми, жолдошум айылда суу башчы болуп эмгектенет. Ал 4 миң сом айлык акы алат. Операцияга 20 миң доллар керектелет экен. Колунда бар, кайдыгер карабаган адамдарга, элиме кайрылууну чечип, жардам сурап жатам», - деди ал.

Сафура Абдырахманова 1993-жылы Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында төрөлгөн. Ал Талас агрардык колледжинде салык багытында билим алган.

Сафурага жардам берүүнү каалагандар 0 701 922 903 номуру менен байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 891
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×