Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 21.11.2017 16:14

Аламүдүндѳ кыздардын эрте турмушка чыгуусунун себептери талкууланды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Эркинбаев Шаршен атындагы Тоолуу-Маевка орто мектебинде «Эрте турмушка чыгуунун себептери» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Э.Чавалиева билдирди.

«Талкууда эрте турмушка чыгуунун психологдор тарабынан аныкталган 3 себеби жана канча жаштан баштап турмушка чыкса болору айтылды. 18 жашка чейинки кыздарды мажбурлап никеге тургузуу, ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маалымат берилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×