Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Аламүдүндө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик тургузулду (фото)

Turmush -  Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик тургузулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Эстеликти ачуу аземине өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айбек Кулубаев, ардагерлер кеңешинин тѳрагасы, согуштун катышуучусу Аскар Жумагулов жана айылдын жашоочулары, коноктор катышты.

«Биз ал мезгилди кѳрбѳсѳк да, ата-бабаларыбыздын жасаган эрдигин эч качан унутпашыбыз керек. Биздин аталарыбыздын кѳбү ѳз каалоосу менен согушка кетишкен. Алар биздин келечегибиз, эркиндигибиз үчүн айыгышкан салгылашка чыгышкан. Алардын эрдигин унутпоо эми биздин милдет», - деди ал.

Акимдин орун басары Айбек Кулубаевдин айтымында, бул эстелик айылдан чыккан согуш ардагерлеринин баарына арналат.

«Бизге маалым болгондой, кээ бир үй-бүлѳдѳн согушка 6-7 киши кеткен. Дүйнѳдѳ кѳп согуш болгон. Бирок бул экинчи дүйнѳлүк согуш баарынан эң оор, эң катуусу болду. Ал согушта кеңеш ѳкмѳтүнүн 26 миллион адамы кырылган. Эми биз алардын эрдигин эч убакта унутпашыбыз керек», - деди ал.

Иш-чаранын жыйынтыгында Улуу Ата Мекендик согушка катышып, каза болгондорго багышталып куран окутулуп, эстеликке гүл коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 513
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×