Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Көпчүлүктү дене мүчөсү менен суктандырган Нурайым Индиядагы сулуулук сынагына даярданууда (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Нурайым Шабданалиева 2018-жылы Индияда өтө турган Supermodel Worldwidde сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан даярданууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

imgonline-com-ua-2to1-4tU5Oy0KzT6

«Мен кичинекей кезимде бир туруп бийчи болууну, бир туруп модель болууну кыялданчумун. Ошентип 18 жашымда Vitlaine мода агенттигине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. Окууну бүткѳн соң, мага келишим түзүп иштешүүнү сунуштагандар болду. Бирок үй-бүлѳлүк шартка байланыштуу андан баш тартууга туура келген. Андан 2 жыл ѳткөндөн кийин "Кыргызстан сулуусу" сынагына катышып, "Фигура сулуусу" наамын жеңип алгам. Ал сынактан кийин Замира Молдошеванын ар кандай кѳргѳзмѳлѳрүнѳ катышып жүрдүм. Ошондо мен моделдин жашоосун кѳрүп, ушул багытта толук иштѳѳнү туура кѳрдүм. Амина Юсурованын WBC мода агенттиги уюштурган "Кыргызстан сулуусу" сынагына катышып, "Спорт сулуусу" наамын жеңип алдым. Эми фотомоделдик иштер менен алек болуудамын. Ар кандай жарнамалык жана башка видеотасмаларга тартылып жатам», - деди ал.

Таланттуу фотомодель 9 жашынан баштап бий менен да алектенет.

«Эгер талантыбыз жөнүндѳ сѳз кылсак, анда бийди абдан жакшы кѳрѳрүмдү айткым келет. 9 жашымдан бери бий ийримдерине катышып келем. Мен үчүн жашоо эми башталып жатат. Кудай буюрса баары алдыда деп ойлойм. 2018-жылы Индияда ѳтѳ турчу Supermodel Worldwidde сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан барууну максат кылып жатам», - деди ал.

Нурайым азыр 23 жашта. Бирок ушул убакка чейин чыныгы сүйүү бар экенине ишенбейт.

«Мен жоопкерчиликтүү, ѳз ишине жооп бере турган, боорукер, кайрымдуу жана чечкиндүү мырзаларды жактырам. Мен азыр 23 жаштамын. Бирок эмдигиче жер шарында сүйүү бар экенине ишенбейм. Менин оюмча сүйүү жок. Сүйүү – бул жактыруу деп ойлойм. Бирөөнү жактыруудан кийин ага кѳнүп калуу жаралат, анан бүттү», - деди ал.

Нурайым 1994-жылы Кара-Балта шаарында тѳрѳлгѳн.

«Апам 42 жашта болсо, атам 48 жашта. Үй-бүлѳдѳ 2 бир туугандын улуусумун. 17 жаштагы иним колледжде окуйт. Өзүм Кара-Балта шаарындагы орто мектепте 9-класска чейин окуп, кийин колледжди аяктадым. 2011-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетке кабыл алынып, аны да ийгиликтүү аяктадым. Программист кесибин алып чыгып, азыр ал кесибим менен да эмгектенем. Мындан сырткары бир топ багыттагы кесиптик лицейлерде окугам. Келечекте Тайра Бенкс, Ирина Шейк сыяктуу атактуу фотомодель болууну кыялданам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 27356
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Rusoyob
09:48, 22 ноября 2017
Цитата: Bob1 17:13, 21.11.2017

Баары жакшы, бир гана бутту кыска

Медиктердин айтышы боюнча, буту кыскарак кыздар сексте шыктуу болот экен. так что жакшы эле
Нет аватара
Bob1
17:13, 21 ноября 2017

Баары жакшы, бир гана бутту кыска
Нет аватара
kale
16:14, 21 ноября 2017
таш
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×