Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кемин шаарында адам сатууга каршы акция уюштурулду (фото)

Turmush -  Кемин районунун Кемин шаарында кечээ, 16-ноябрда «100 күн адамдарды сатууга каршы күрөшүү» иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чара Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, «Эл агартуу» коомдук бирикмесинин өкүлү Сариев Эрнест, «Чүй аймактык окутуу жана өнүктүрүү борбору» коомдук бирикмесинин өкүлү Бермет Асанова, райондук ички иштер бөлүмү, райондук билим берүү бөлүмү жана райондогу бардык мектептердин 9-11-класстарынын окуучуларынын катышуусунда өткөрүлдү.

Иш-чарада Ленин көчөсүнөн тартып «Спутник» кинотеатрына чейин окуучулар тарабынан жаштар маршы өткөрүлүп, видео-роликтер көрсөтүлүп, окуучулар театр-форум көрсөтүштү. Мектеп президенттери «100 күн адамдарды сатууга каршы күрөшүү» жөнүндө өз ой пикирлерин айтышты. Иш-чаранын жыйынтыгында окуучулар диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 484
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×