Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кайыңды шаарында адам сатууга каршы жөө жүрүш өттү (фото)

Turmush -  Панфилов районундагы Кайыңды шаарында «100 күн адам сатууга каршы күрөшүү» иш-чарасынын алкагында жөө жүрүш болуп ѳттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн башчысы Нуркалый Дүйшеналиевдин айтымында, жөө жүрүшкѳ Кайыңды шаарынын №1, №2, №3 орто мектептери жана Панфилов мектеп-комплексинин окуучулары катышты.

«Обондуу ырлардын коштоосунда жөө жүрүшкө чыгышкан окуучулар райондук мамлекеттик администрациясынан баштап шаардык паркка чейин басышты. Ал жерде өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн келгендерге жана Панфилов районунун жетекчилерине сөз берилди. Андан соң мектеп окуучулары флешмоб ѳткѳрүп, адам сатууга каршы театрлаштырылган оюн-зоок кѳрсѳтүштү», - деди ал.

Аталган иш-чарага окуучулардан сырткары мугалимдер, райондук билим берүү бѳлүмүнүн кызматкерлери болуп 300дѳй адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 403
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×