Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Эл ичи — өнөр кенчи: Кантта жашаган кытай кызы Вероника бийчилер тобун түзүп, сынактарга катышып жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кант шаарында жашаган 18 жаштагы кытай кызы Вероника Ли бийчилер тобун түзүп, сынактарга катышып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 5 жылдан бери бий менен алектенет. Ал түзгөн «Инь-Ян» бийчилер тобу 5 кыздан турат. Топтун аталышынын мааниси кытай тилинен которгондо биримдик белгиси дегенди түшүндүрөт.

«Ошондуктан топтогу кыздар дайыма биримдикте иштеп, бири-бирибизди толуктап турабыз. Өзүм 13 жашымдан бери бийлесем, топтогу кыздар 7-8 жылдан бери бий менен алектенишет. Ошондой эле, топтогу кыздардын катарында өзүмдүн сиңдим да бар. Күн сайын бийлеп, ар кандай сынактарга катышып жатабыз. Талыкпай эмгектенип, келечекте Кыргызстанды дүйнө элине бий аркылуу тааныткыбыз келет», - деди ал.

Бийчи белгилегендей, топтогу кыздар ар кандай кызыктуу күндөргө туш келет.

«Өткөн жылы топтогу Алина аттуу кыздын туулган күнү болуп, белек даярдоону чечтик. Кыздар менен Бишкектеги оюн-зоок соода борборлорунун бирине бардык. Алинага арнап торт, шам жана шарларды алдык. Туулган күн ээси келгенде торттун үстүндөгү шамды күйгүзөлү деп ширеңке таппай калдык. Соода борборун айланып, күйгүзгүч (зажигалка) издедик. Шамды күйгүзө албай убара болдук. Ошентип бир шамды күйгүзсөк жанындагы шар жарылып кетти. Борбордун ичиндеги адамдар бизди карап калышты. Аягында бардык шамды күйгүзүп, Алинаны туулган күнү менен куттуктадык», - деди ал.

Вероника үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

«Биз кытай улутунанбыз. Өзүм Кант шаарында төрөлгөм. Учурда апам, атам жана сиңдим менен жашайм. Бийден тышкары Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинде окуп жатам. Бий топтогу башка кыздар Кант шаарындагы №4 орто мектепте билим алышууда», - деди Вероника.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 525
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×