Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Фото - Төө-Ашууда Кытайдын жарандары кетип бара жаткан жол тандабас оодарылып кетти

Turmush -  Бишкек — Ош жолунун 124-чакырымында кечээ, 15-ноябрда жол-транспорт кырсык катталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын күбөлөрүнө шилтеме берүү менен.

Маалыматка караганда, Төө-Ашуунун аймагында Кытайдын жарандарын ташып бара жаткан «Лексус ЛХ 470» үлгүсүндөгү унаа менен «Тойота Авенсис» кагышкан. Билдирүүдө «Лексус ЛХ 470» үлгүсүндөгү унаанын ичинде Кытайдын 3 жараны болгону жана унаа Бишкек шаарын көздөй жүрүп бара жатканы айтылат.

Ал эми, «Тойота Авенсис» анын карама-каршы багытына — Токтогулга бара жаткан. Эки унаанын кагышуусунда «Лексус ЛХ 470» жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен «Лексустун» бир жүргүнчүсү жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1880
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×