Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 18.11.2018 15:08 Жаңыланды: 03.01.2019 15:16

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Розаны бир көрүп сүйүп калган жолдошу аны 3 ай издеген (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы «Татынакай» бала бакчасынын тарбиячысы Роза Орозакунова жолдошу менен классташынын уулун кѳрүп барганда таанышкан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен бактылуумун! Анткени эки баланын мээримдүү апасы жана жолдошумдун сүйүктүү жарымын. Классташ кызымдын тун уулун көрүп барганда, ошол жерден жолдошум экѳѳбүз таанышып калганбыз. Азыр "бизди классташымдын тун уулу тааныштырган" деп күлүп калабыз.

Жолдошум мени бир кѳргөндө эле жактырыптыр. Жаныма келип, жашаган дарегимди сурады. Мен ага айтпай койсом "сени сүйүп калдым, баары бир табам" деди. Анын бул сөзүнө маани бербей, ишенген эмесмин. Ошентип, үч ай ѳтпѳй мени таап, колумду сурап алып кетти. Анда үчүнчү курста окуп жаткам. Экѳѳбүз баш кошуп, уулдуу болдук. Кичинекей балам бар деп шылтоо кылбай, мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырдым», - деди ал.

Роза жеңе 2015-жылы райондун «Жылдын мыкты мугалими» сынагында экинчи орунга ээ болгон.

«Ак-булак орто мектебинин босогосун аттап, окуучуларга биринчи жолу коңгуроо каккам. Мектепти 2003-жылы бүтүп, Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетин 2008-жылы бүтүрдүм. Буга чейин жеке менчик жумуштарда иштедим, сатуучу болдум. Студенттик күндѳрдѳ кафелерде иштеп жүрдүм. 4-5-курстарда окуудан кийин басмаканада ыр терип да иштеп калдык. 2013-жылы 12-декабрда "Татынакай" бала бакчасынын 2 кенже тайпасына тарбиячы болуп иштеп баштап, ушул убакка чейин эмгектенип келе жатам.

Жашоомдо сүйүнүчтѳр абдан кѳп болот. Бакчадагы балдар ыйлабай, оорубай жакшы маанайда келишсе, ошол сүйүнүч. Ал эми эң биринчи чоң сүйүнүчүм — тун балам жарык дүйнѳгѳ келген учур.

Бала бакчада күлкүлүү, кызыктуу окуялар кѳп болот. Балдар кѳбүнчѳ түшкү тамакты ичип отурушканда уйкусу келет. 1 жаш 9 ай болгон Баяман аттуу балам тамак жеп отурганда кѳзү жумулуп кетип, бети борщко малынып, бакырып ыйлаган эле. Анын кызыл бетин кѳрүп алып балдардын баары катуу ыйлашкан», - деди ал.

Роза Орозакунова 1985-жылы Ысык-Кѳл облусунун Ак-суу районунда тѳрѳлгѳн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×