Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: 16 жаштагы Саламат россиялык ырчы П.Гагаринанын ырын дал өзүндөй аткарат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кант шаарынын 16 жаштагы тургуну Саламат Мамбетова бир нече жылдан бери мектепте өткөн ар кандай иш-чараларда ырдап келет. Ал россиялык ырчы Полина Гагаринанын ырын дал өзүндөй кылып аткарат. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

«Кичинекей кечимден бери эле ырдайм. Мектептеги иш-чараларда ырдап жүргөнүмө 3-4 жыл болуп калды. Келечекте музыкалык окуу жайда билим алып, ырчы жана актриса болууну кыялданам. Бир канча жанрдагы чыгармаларды аткарам. Опера ырларын гана ырдай албайм», - деди ал.

Өзүнүн айтымында, сахнада ырдап жатканда ар кандай кызыктуу окуяларга кабылат.

«Сахнада болгон бир окуя такыр эсимден кетпейт. Мектептеги иш-чарада курбум экөөбүз ырдаганы жатканбыз. Курбумдун ал ырга үнү жетчү эмес. Ага үнү акырын, ал эми, мага үнү бийик чыккан микрофон беришмек. Бирок микрофондорубуз алмашып кетиптир. Экөөбүз ырдап баштасак, көрүүчүлөр бизди башкача карашты. Көрсө менин үнүм акырын, жанымдагы курбумдун үнү бийик чыгып жатыптыр. Кийин тасмадан көрүп, көпкө күлүп жүрдүк», - деди ал.

Саламат үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 597
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×