Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: 16 жаштагы Алина бийчилер тобун түздү (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 16 жаштагы тургуну Алина Орозалиева 5 жашынан бери бий менен алектенип, «Инь Янь» бийчилер тобун түздү. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен бери бийге кызыгат.

«Бала кезимден бери бийге шыктуумун. Тактап айтканда, 5 жашымдан бери бий өнөрүнө аралашып келе жатам. Учурда А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө «Ровесник» бий тобунда бийлейм. 2016-жылы курбу кыздар менен бирге «Инь Янь» бий тобун түзгөнбүз. Кийинчерээк хореограф Артур Таштанов менен иштешип, бийдин түрлөрүн үйрөндүк. «Ровесник» бий тобунда көбүнчө кыргыз бийлерин бийлесек, өзүбүздүн топто заманбап бийлерди аткарабыз. Топтогу кыздар менен дайыма ар кандай маданий иш-чараларга катышып турабыз. Келечекте мыкты хореограф болууну көздөп, бийдин бардык сырларын өздөштүрүүгө аракеттенип жатам», - деди ал.

Учурда А.Орозалиева Кант шаарындагы №4 мектеп-гимназияда 10-класста окуйт. Ал 2 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 464
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×