Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 11.11.2017 11:01

Вознесеновка айылында 67 жаштагы адамды унаа уруп кетип мерт болду

Turmush -  Бүгүн, 11-ноябрда Жайыл районунун Вознесеновка айылында 67 жаштагы адамды унаа уруп кетип каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга карганда, кырсык саат 01:00дөр чамасында ресторандардын биринин жанында болгон.

«Жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумду. Каза болгон адам Кант шаарынын 1950-жылы туулган тургуну А.Орозбек экендиги аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча шектүү айдоочу катары Панфилов районунун 1992-жылы туулган тургуну кармалды. Ал спирт ичимдигин ичпегендиги тастыкталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×