Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу 10.11.2017 10:09 На русском

38 жаштагы Улан Карагулов эми Чүй облусун жетектейт (резюме)

Turmush -  Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп Улан Карагулов дайындалды. Ал буга чейин Кемин районунун акими болчу.

Жаңы жетекчи облусту 2013-жылдын июль айынан бери башкарып жаткан Бактыбек Кудайбергеновдун ордуна келди. Ал өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.

Карагулов Улан Айтбекович 1979-жылы Кемин районунда төрөлгөн.

Билими:

- 1996-2001-жылдары – Кыргыз мамлекеттик улуттук университет, адистиги — экономист-финансист.

Иш тажрыйбасы:

- 2001-2005-жылдары – Мамлекеттик салык инспекциясынын Кемин району боюнча улук инспектору;

- 2005-2006-жылдары – Мамлекеттик салык инспекциясынын Кемин району боюнча сектор башчысы;

- 2006-2009-жылдары – Кемин райондук салык кызматынын төлөмдөрдү чогултуу бөлүмүнүн башчысы;

- 2009-2010-жылдары – Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын башчысы;

- 2013-жылы – Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы:

- 2017-жылдын 14-февралында Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалган.

Ошондой эле, Кеминдеги Кок-Ойрок айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×