Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Чүй облусуМосква району 10.11.2017 08:07

Москва районунун тургуну баңгизат менен кармалды

Turmush -  Москва районунун Сретенка айылынын 38 жаштагы тургуну М.В. баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 2017-жылы 8-октябрь күнү ИИМдин кызматкерлеринин иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1979-жылы туулган жергиликтүү тургун М.В. текшерилип, анын жанынан жапайы кара куурай табылган. Анын жалпы салмагы 5 кг түзгөн. Алынган наркотикалык зат экспертизага жөнөтүлдү.

М.В. убактылу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×