Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Суусамырда мугалим К.Тамчиевдин жаркын элесине арналган волейболдун жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Кызыл-Ой айылында дене тарбия мугалими Көкөтай Тамчиевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучунун кызы Азиза Тамчиева билдирди.

Анын айтымында, К.Тамчиев 20 жылдан ашык дене тарбиядан сабак берген.

«Атам 1954-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал 20 жылдан ашык мугалим болуп иштеп, көптөгөн балдарды машыктырган. Оорудан улам 2012-жылы 23-ноябрда көз жумду. Байыш Толтоев агайдын демилгеси жана окуучуларынын колдоосу менен атамдын жаркын элесине арналган турнир өттү», - деди ал.

Мелдешти уюштуруучулардын бири Байыш Толтоев белгилегендей, турнирдин байге фонду 17 миң сомду түздү.

«Эки жыл мурун эле агайдын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүүнү ойлоп жүргөм. Өзүм 15 жылдан бери волейбол ойнойм. Коңшу айылдарда белгилүү инсандардын элесине арналып мелдештер өткөрүлүп турат. Бизди окуткан, спортко үндөгөн агайыбызды эскерүү максатында ишкер жигиттердин жардамы менен спорттук мелдеш уюштурулду. Буга агайдын 1986-1987-жылдардагы окуучулары колдоо көрсөтүштү. Волейбол боюнча турнир 5-ноябрь күнү өттү. Салтанаттуу иш-чарага агайдын жакындары, айыл башчылары жана окуучулары катышты. Турнир агайга куран окуу менен башталды», - деди ал.

Турнирдин жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду «Кызыл-Ой» командасы алып, кубок, медаль жана 7 миң сом менен сыйланды;

- 2-орунга «Суусамыр» тайпасы ээ болуп, медаль жана 4 миң сом алды;

- 3-орунду «Кожомкул» командасы багындырып, медаль жана 3 миң сом менен сыйланды;

- 4-орунду «Өрнөк» командасы алып, грамота жана 2 миң сомго ээ болду;

- 5-орунга «Кызыл-Ой 2» тайпасы ээ болуп, 1 миң сом акчалай сыйлык алды;

- 6-орунга мектеп окуучуларынан түзүлгөн команда татыктуу болуп, аларга 500 сом берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×