Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Фото - Аида Салянованын инисин акыркы сапарга узатышты

Turmush -  Бүгүн, 8-ноябрда Ысык-Ата районунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын атып өлтүрүлгөн иниси Улан Салянов акыркы сапарга узатылды.

Улан Салянов 6-ноябрга караган түнү өз үйүндө белгисиз адамдардын огунан 42 жашында көз жумду. Депутаттын жактоочусу Улан Жумаковдун айтымында, Улан Салянов Көк-Жар жаңы конушунда толук курулуп бүтө элек, дарбазасы жок үйдө жубайы жана 2 уулу менен жашачу.

«Таңкы саат 4:00 чамасында белгисиз 4 адам үйүнө кирип барып, У.Саляновдун баласына тапанча такашкан. Ал баласын кое берүүнү сурана баштап, ортодо кармашуу болгон. Жыйынтыгында ок атылып, белгисиз адамдар качып кеткен», - деп билдирген жактоочу.

У.Салянов унааларды алып сатуу жана оңдоо иштери менен алектенчү.

Улан Саляновдун үйү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8370
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×