Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Эл ичи — өнөр кенчи: 27 жаштагы Арууке футболдо ийгилик жаратып, азыр машыктыруучу болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Ысык-аталык 27 жаштагы футболчу кыз Арууке Таалайбек кызы Россиянын Сочи шаарында өткөн көчө футбол боюнча мелдешке катышып келди. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 9 жашынан бери футбол ойноп, учурда спорттук клубдардын биринде машыктыруучу болуп иштейт.

«14-октябрдан 23-октябрга чейин Сочи шаарындагы эл аралык фестивалга барып, футбол ойноп келдим. Фестиваль жогорку деңгээлде уюштурулуптур, мага абдан жакты. Ал жакта жатаканабыз жана тамак-ашыбыз, жол кире акысы уюштуруучулар тарабынан камсыздалды. Мени болсо Анара Сарыгулова эжем каттоого кошкон. Ал эже менен өткөн жылы Шотландияга да барып келгем. Ал көчө футболунун вице-президенти болгон. Мен ошол көчө футбол федерациясынын атынан бардым. Ал жакка жалпы 220 киши бардык. Анын ичинде студенттер, спортчулар болушту», - деди ал.

Арууке Таалайбек кызы футболдо бир топ ийгиликтерди жараткан.

«1999-жылдан бери футбол ойнойм. Бул командалык оюн болгондуктан тайпалаштарың менен бир үй-бүлө болуп каласың. Мектепке киргенге чейин эле футболчу болууну каалачумун. Ал кыялым орундалып, мыкты оюнчу, эл аралык оюндардын жеңүүчүсү жана машыктыруучу болууга жетиштим. 2012-жылдан бери машыктыруучу болуп эмгектенем. Буга чейин Гүлбара Үмөталиеванын улуттук курама командасында жана «Азалия» клубунда машыктыруучу болуп иштедим.

Командам менен Кыргызстандын 7 жолку чемпиону болуп, «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты оюнчу» наамдарына татыдым. 2010-жылы биздин команда Казакстанда өткөн оюнда жеңүүчү аталды. Былтыр Шотландияда өткөн көчө футболу боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2-орунга ээ болдук. Ал оюндарда Кыргызстандын курама командасынын капитаны болдум», - деди ал.

Футболчу кыз үй-бүлөдө 2 бир туугандын экинчиси.



 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 710
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×