Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жайылдын тургуну чогуу жашаган аялды өлтүрүп көмүп салган

Turmush -  Жайыл районунун 36 жаштагы тургуну аялды өлтүрүп, көмүп салууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 26-октябрда саат 14:15 чамасында Жайыл РИИБдин кызматкери райондун Алтын айылындагы үйдүн короосунда аял көмүлгөндүгү тууралуу маалымат алган. Милиционер үйдү текшерип, көмүлгөн 30-35 жаштар чамасындагы аялдын денесин тапкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип аял менен чогуу жашап жүргөн 36 жаштагы Ш.К. кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алып, 19-октябрда аялды башка катуу буюм менен уруп өлтүргөндүгүн айткан. Кылмышты жашыруу үчүн аны үйдүн короосуна көмүп салган. Каза болгон аял Талас облусунун 30 жаштагы тургуну А.Ч. экендиги такталды.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 882
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×