Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: 17 жаштагы Күмүшбек отунду үнөмдөгөн жылытуу системасын ойлоп тапты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка айылынын 17 жаштагы тургуну Рахмат уулу Күмүшбек 7-классынан тартып жылытуучу мештерди жасайт. Ал учурда отунду үнөмдүү колдонгон жылытуу системасын ойлоп тапканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Күмүшбек өзү жасаган жылытуу системасын башка жерден кездештире элек.

«Мен 6-класста окуп жүргѳндө газ менен ширетүүнү ѳздѳштүргѳм. 7-классымда жылуулук берүүчү мештерди жасаганды үйрѳнүп баштагам. Мен ойлоп тапкан жылытуу система отунду жакшы үнөмдөйт. Жакында Кыргызпатент аркылуу менчиктештирейин деп жатам. Муну дүйнѳ жүзүнѳ жаңы система катары киргизсе да болот. Бул суу менен жылыткан системалардын эң мыктысы.

Буга чейин да жылытуучу системаларды көп жасагам. Алардагы кемчиликтерди кѳрүп отуруп, кайрадан жакшылап ойлонуштуруп жасап чыктым. Жаңы системаны ойлоп тапкандан кийин Чүй ѳрѳѳнүнѳн 50дѳй буйрутма түшүп, аларды жасап бергем.

Кошумча ширетүүчү кесибимди да аркалап, жакшы киреше таба алам. Бул жылытуу системасынын бир точкасын 3 миң сомдон жасап берем. Точка деп терезе тушуна коюлган радиаторду айтабыз. Керектүү каражаттарды кээде мен, кээде буйрутма берген адам ѳзү сатып алат», - деди ал.

Жаш уста 2000-жылы Жайыл районунун Сосновка айылында тѳрѳлгѳн. Үй-бүлѳдѳ 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1021
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×