Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кеминде баңгизат сактоого шектелген тургун кармалды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылында баңгизат сактоого шектелген 41 жаштагы тургун кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, Кемин РИИБ тарабынан козголгон кылмыш иштин негизинде  Чүй ОИИБдин жана Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы М.Н.нын үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Алар короонун ичинде катылган жалпы салмагы 2 кг 166 граммды түзгөн баңгизатка окшош шектүү зат табышкан. Ал эми үйүнүн бир бөлмөсүнөн өңү жашыл түстөгү кара куурай жыттанган жана майдаланып даярдалган 714 грамм зат табылган.

Учурда табылган заттар экспертизага жөнөтүлүп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 422
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×