Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Суусамырдагы кырсык: Уктап кеткен айдоочу жүк ташуучу унааны сүзүп, жеңем каза болду, - кайын сиңдиси (видео, фото)

Turmush -  Бишкек — Ош унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган 20 жаштагы Бекболот кызы Айганыштын абалы оор. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Айганыштын сиңдиси билдирди.

 Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынан Жалал-Абадга бара жаткан «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 6 кишинин бирөөсү каза болуп, калгандары оор жаракат алышкан.

IMG-20171018-WA0011

«Эжем ушул жылдын май айында Түркияга өндүрүштүк практикага кеткен. 1-октябрь күнү Түркиядан Бишкекке учуп келип, болжол менен саат 19:00 чамасында Жалал-Абадга жолго чыккан. Ал түшкөн унаа саат 23:00 чамасында Суусамыр өрөөнүндө катуу кырсыкка учураган. Эжемдин сумкасындагы документтери жана акчалары жоголуп, бир жумадан кийин табылды. Ал эки жума ооруканын жандандыруу бөлүмүндө жатты. Азыр жөнөкөй бөлмөгө которулуп, абалы мурдагыдан жакшы. Бирок көп сүйлөбөйт. Дарыгерлер авто кырсык учурунда айрылып кеткен  бетинин жаак бөлүгүн тигишкен. Башында бир аз шишик бар дешти.

Жол кырсыгы болгон күнү эжемди Кара-Балта шаарына калтырып, калган жабырлануучуларды Бишкекке алып кетишиптир. Эжемдин документи, акчасы жок болгондуктан дарыгерлер жакшы карашкан эмес. Апам Жалал-Абаддан келип, акча бергенде карап башташыптыр», - деди ал.

Аталган жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургуну Самара Темирбердиева каза болду. Ал эки баланын апасы болгон.

«Самара менин жеңем болот. Агам экөөнүн эки баласы бар. Экөө иштейбиз деп август айында Бишкекке кетишкен. Бир айдан кийин 7 жаштагы баласынын окуусу башталып, аны Жалал-Абадга таштап, 5 жаштагы баласын Бишкекке алып кеткен. Андан бир жума өтпөй улуу баласы "сагындым апа, келе бериңизчи" деп ыйлаган экен. Ошентип, жеңем кичүү уулун алып, жолго чыгат. Автобекеттен бир тааныш таксист айдоочуга жолугуп, жеңем андан "бүгүн кетесизби?" деп сураса, айдоочу "жок, бүгүн эле Жала-Абаддан келдим" деп жооп берген экен. Бирок кардар чыгып калып, жеңем ошол айдоочунун унаасына түшүптүр. Суусамыр өрөөнүнө жеткенде айдоочу уктап кетип, 120 чакырым ылдамдык менен токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзүптүр. Жеңемдин баласы оор жаракат алып, өзү окуя болгон жерден каза болгон. Баласынын бети шишип, жаагы сынып, бутунан баспай калган. Азыр анын абалы жакшы, басып калганына 4 күн болду. Буга чейин баспай буту калтырап жаткан», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасына жол-транспорт кырсык 2-октябрь күнү болжол менен саат 00:30 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 195-чакырымында катталганы маалымдалган. 

1407995.1.1507011891

Такталган маалыматтар боюнча, Суусамыр өрөөнүндө «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда Минивэн» кагышкан. Эки унаа тең Бишкек шаарын көздөй кетип бара жаткан. Жүк ташуучу унаа жолдун четине токтогон мезгилде жеңил унаа аны сүзүп токтогон.

«Хонда» үлгүсүндөгү унаанын Жалал-Абад облусунун 1993-жылы туулган айдоочусу А.Нурсултан рулду башкара албай жолдун четинде токтоп турган «Мерседес-Бенц» (айдоочусу А. уулу Тынарбек) унаасына кирип кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен «Хонданын» жүргүнчүлөрү: Бишкек шаарынын 1959-жылы туулган тургуну Ж.Тажигүл, 1971-жылы туулган Ж.Эрмек жана Ноокен районунун тургуну С.Байнур жаракат алган. Ошондой эле, жол кырсыгы катталган жерде алган жаракатынан улам «Хонда» үлгүсүндөгү унаанын 1985-жылы туулган жүргүнчүсү Т.Самара каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6549
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×