Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу 15.10.2017 20:30 Жаңыланды: 15.10.2017 22:09

Президенттик шайлоо: Сооронбай Жээнбеков алдыда

Turmush -  БШК саат 20:56га карата жарыялаган болжолдуу жыйынтык боюнча Сооронбай Жээнбеков 54,69% добуш топтоду.

Ал эми, саат 20:45ке карата Өмүрбек Бабанов Чүй жана Талас облустарында лидер.
Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 20:39га карата берген маалыматы боюнча Сооронбай Жээнбеков 54,6% добуш топтоду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 20:22ге берген маалыматы

20:20га карата берген маалыматы боюнча Сооронбай Жээнбеков 50,25% добуш топтоду.

Облустардагы болжолдуу жыйынтык:

- Чүй облусу: Өмүрбек Бабанов — 52,64%, Жээнбеков — 34,51%;

- Талас облусу: Бабанов — 86,85%, Жээнбеков — 11,45%;

- Ысык-Көл обулусу: Бабанов — 41,77%, Жээнбеков — 51,19%;

- Нарын облусу: Бабанов — 35,31%, Жээнбеков — 58,31%;

- Жалал-Абад облусу: Бабанов — 26,27%, Жээнбеков — 61,97%;

- Ош облусу: Бабанов — 15,66%, Жээнбеков — 74,91%;

- Баткен облусу: Бабанов — 20,29%, Жээнбеков — 59,43%.

Өлкө боюнча саат 17:00гө карата калктын 40,12%ы же 1 млн 213 миң 803 шайлоочу добуш берди. Шайлоочулардын тизмесинде 3 млн 25 миң 768 жаран бар болчу.

Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Айымкан Кулукееванын билдирүүсү боюнча, саат 20:00гө карата (Кыргызстандын убактысы боюнча) чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын 4829 (25%) жараны добуш берди. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмесинде 18 миң 580 жаран бар.

Чет мамлекеттердеги участкалык шайлоо комиссиялары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот.

Буга чейин президенттикке талапкерликтен Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев баш тарткан болчу.

Бюллетендеги талапкерлер:

- Эрнис Зарлыков (№1);

- Токтайым Үмөталиева (№2);

- Темир Сариев (№3);

- Улукбек Кочкоров (№4);

- Таалатбек Масадыков (№5);

- Өмүрбек Бабанов (№6);

- Арстанбек Абдылдаев (№7);

- Азимбек Бекназаров (№8, талапкерликтен баш тартканын өзү 12-октябрда билдирди);

- Сооронбай Жээнбеков (№9);

- Адахан Мадумаров (№10);

- Арсланбек Малиев (№12).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×