Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Токмок 15.10.2017 15:57

Токмок шаары шайлоого катышкан элди саны боюнча облуста алдыда келе жатат

Turmush -  Бүгүн, 15-октябрь — Кыргызстандын президентин шайлоо күнү. Анын жүрүшүндө Токмок шаарынын шайлоочулары өз добуштарын берип жатышат.

Чүй облусунда саат 15:00гө карата 140 миң 979 киши өлкө башчысын шайлоого катышты.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Чүй облусунда шайлоого катышкан элди саны боюнча Токмок шаары активдүү келе жатат. Токмок шаарынын мэриясынын берген маалыматына караганда, саат 15:00гө карата 10 миң 873 киши өлкө башчысын шайлоого катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×