Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Токмок 15.10.2017 15:26

Өлкөнүн тынчтыгы үчүн элдик кошуунга биринчи жолу кошулдум, - 58 жаштагы А.Казакбаев

Turmush -  Токмок шаарынын 58 жаштагы тургуну А.Казакбаев өмүрүндө биринчи жолу элдик кошуунга кошулду. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.

Өзүнүн айтымында, А.Казакбаев учурда Токмок шаарындагы №5 орто мектебинде кароолчу болуп иштейт.

«Мен элдин тынчтыгы үчүн бул элдик кошуунга өз эрким менен келдим. Кечке чейин шайлоочулардын коопсуздугун карайм. Учурда шайлоо тынч өтүп жатат. Өзүм саясатка кызыкпайм. Бирок элдин тынчтыгы баарынан кымбат. Кыргыз элиме тынчтык, бакыт каалайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×