Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Токмок 15.10.2017 14:01

Менин добушум Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошот, - 18 жаштагы шайлоочу Ширин (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 18 жаштагы тургуну Ширин Бейшеналиева биринчи жолу шайлоого катышты. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.

Өзүнүн айтымында, Ширин келечекте мугалим болгусу келет.

«Менин добушум Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө салым кошот деп ишенем. Татыктуу президент келип, Кыргызстан мындан да өнүгөт. Мен өмүрүмдө биринчи жолу шайлоого катышып, толкунданып жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×