Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 15.10.2017 12:58

Видео, фото - Чүй облусунун башчысы өзүнүн туулган айылында добуш берди

Turmush -  Чүй облусунда Кыргызстандын президентин шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 15-октябрда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Кудайбергенов Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүндөгү №7095 шайлоо тилкесине барып, өз добушун берди.

«Бизде шайлоо тынч өтүүдө. Элдин маанайы жакшы. Ар бир шайлоо участогунда кемчиликтер жок. Баары кылдат текшерилген. Кыргыз элимде тынчтык болсун деди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×