Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу 15.10.2017 07:00 Жаңыланды: 15.10.2017 19:18

Кыргызстандагы президенттик шайлоодон онлайн көрсөтүү

Turmush -  15-октябрь — Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү.

Кыргызстандын аймактарында саат 80:00дөн тарта башталган добуш берүүнүн жүрүшүн АКИpress агенттиги онлайн режимде көрсөтүп жатат. Окурмандар менен көрөрмандар Кыргызстандын аймактарындагы — Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарындагы жана Бишкек шаарындагы, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менен консулдуктарда ачылган участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жүрүшү менен толук тааныша алат.

Ошондой эле, АКИпресстин кабарчылары мамлекеттик бийликтин жетекчилери, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, райондордун акимдери жана шаарлардын мэрлеринин добуш берүүсүн түз баяндап берүүдө.

Cаат 17:00гө карата шайлоочулардын 40,12%ы (1 млн 213 миң 803 шайлоочу) добуш берип бүтүштү. Бул маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Добуш берүүнүн көрсөткүчү: 

- Бишкек шаары — 45,05% (192 223); 

- Чүй облусу — 37,04% (181 862); 

- Ысык-Көл облусу — 40,59% (105 188); 

- Нарын облусу — 40,95% (67 913); 

- Талас облусу — 45,75% (59 568); 

- Ош облусу — 38,94% (229 519 ); 

- Ош шаары — 52,8% (84 133); 

- Жалал-Абад облусу — 36,47% (199 028); 

- Баткен облусу — 37,33% (90 975).

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого карата чет өлкөлөрдө 37 участкалык шайлоо комиссиясы ачылган. Кыргызстандын Россия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Япония, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия жана башка өлкөлөрдө жашап жаткан жарандары добуш берүүгө катыша алат. Добуш берүүгө биометриялык маалыматтарды тапшырып, жашап жаткан дарегиндеги шайлоо комиссиясы аркылуу добуш берүүгө уруксат берүү тууралуу 30-сентябрга чейин арыз жазган жарандар катышат алат.

Бүгүн өлкөдө добуш берүүнүн жүрүшүнө чет өлкөлөрдөн келген 775 эл аралык байкоочу көзөмөл жүргүзөт. Коомдук коопсуздукту Ички иштер министрлигинин 9 миң 384 кызматкери камсыздайт. 

 Чет өлкөлөрдө ачылган участкалык шайлоо комиссиялары


№ 

Дареги

1

9001

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги (Москва шаарында)

2

9002

Россия – Санкт-Петербург (Кыргызстандын элчилигинин канцеляриясы)

3

9003

Россия – Красноярск (Кыргызстандын Россиядагы элчилиги)

4

9004

Россия - Владивосток (Кыргызстандын Россиядагы элчилиги)

5

9008

Индия (Кыргызстандын элчилиги)

6

9009

Россия – Екатеринбург – (Кыргызстандын башкы консулдугу)

7

9010

Россия – Новосибирск – (Кыргызстандын вице-консулдугу)

8

9011

Түркмөнстан (Кыргызстандын элчилиги)

9

9012

Азейбаржан (Кыргызстандын элчилиги)

10

9019

Япония (Кыргызстандын элчилиги)

11

9022

Украина (Кыргызстандын элчилиги)

12

9023

Беларусь Республикасы (Кыргызстандын элчилиги)

13

9024

Тажикстан (Кыргызстандын элчилиги)

14

9025

Өзбекстан (Кыргызстандын элчилиги)

15

9027

Казакстан – Алмата (Кыргызстандын башкы консулдугу)

16

9028

Казакстан – Астана (Кыргызстандын элчилиги)

17

9029

Германия – Берлин (Кыргызстандын элчилиги)

18

9030

Германия – Франкфурт-на-Майне (Кыргызстандын консулдук агенттиги)

19

9031

Германия – Бонн – (Кыргызстандын элчилигинин бөлүмү)

20

9032

Австрия (Кыргызстандын элчилиги)

21

9034

АКШ (Кыргызстандын элчилиги)

22

9035

Түркия – Стамбул (Кыргызстандын башкы консулдугу)

23

9036

Түркия – Анкара (Кыргызстандын элчилиги)

24

9037

Бельгия (Кыргызстандын элчилиги)

25

9038

Улуу Британия (Кыргызстандын элчилиги)

26

9039

Швейцария (Кыргызстандын элчилиги)

27

9040

Кытай – Пекин (Кыргызстандын элчилиги)

28

9041

Кытай – Гуанчжоу (Кыргызстандын башкы консулдугу)

29

9042

Корея (Кыргызстандын элчилиги)

30

9043

Иран (Кыргызстандын элчилиги)

31

9044

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаары (Кыргызстандын башкы консулдугу)

32

9045

Сауд Арабия (Кыргызстандын элчилиги)

33

9046

Кувейт (Кыргызстандын элчилиги)

34

9048

Малайзия (Кыргызстандын элчилиги)

35

9049

Пакистан (Кыргызстандын элчилиги)

36

9050

Катар (Кыргызстандын элчилиги)

37

9051

Бириккен Араб Эмираттары – Абу-Даби (Кыргызстандын элчилиги)

14-октябрда Кыргызстандын аймагында участкалык шайлоо комиссиясынан сырткаркы аймактарда добуш берүү процесси жүрдү. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү байкоочулар, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана журналисттердин коштоосу менен буга чейин шайлоодо добуш берилүүчү имараттарга бара албастыгына байланыштуу арыз жазган жарандардын үйлөрүнө барышты.

Республика боюнча 15-октябрь күнү участкалык шайлоо комиссияларына бара албай турган 22 миң 821 жаран арыз жазган. Бул тизмеде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, кызматынан чыга албаган аскер кызматкерлери жана абактардагы жарандар бар.
Мамлекеттик каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына берген акыркы тизмеде 3 млн 25 миң 768 шайлоочу катталган.

Алардын ичинен:

- Кыргызстандын аймагында — 2 млн 908 миң 453 шайлоочу;

- Чет өлкөлөрдө добуш берүүчү шайлоочулар — 18 миң 580 адам;

- Бишкек шаарындагы кошумча участкалык шайлоо комиссияларында — 98 миң 735 адам.  

Бул жолу шайлоочулардын тизмесинен 17 миң 180 жаран чыгарылган.
Алардын ичинен:

- каза болгондор — 16 миң 687 адам;

- Кыргызстандын жарандыгынан чыккандар — 493;

- 1974-1994-жылдардагы паспорттун үлгүсүнө ээ болгондордун саны — 13 миң 672.  

Республиканын аймагындагы шайлоочулардын саны тууралуу маалымат:

- Бишкек шаары — 327 миң 985;

- Ош шаары — 159 миң 348;

- Баткен облусу — 243 миң 722;

- Талас облусу — 130 миң 195;

- Нарын облусу — 161 миң 894;

- Чет өлкөлөрдө — 18 миң 580;

- Чүй облусу — 491 миң 34;

- Ысык-Көл облусу — 259 миң 118;

- Жалал-Абад облусу — 545 миң 745;

- Ош облусу — 589 миң 412.
Шайлоочу кантип добуш берет?

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×