Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кошкоргон айыл ѳкмѳтүндѳ 2,8 млн сомго курулган футбол аянтчасы ачылды (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Кошкоргон айыл ѳкмѳтүндѳ 2 млн 815 миң сомго курулган кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл ѳкмѳт башчысы Азиз Нурдинов билдирди.

«Жакын арада эле биздин айылда кичи футбол аянтчасы ачылды. Анын ачылыш аземине Чүй районундагы бардык айылдардан футболчулар келип, оюн уюштурушту. Байге фонду 50 миң сомду түзүп, жалпы 17 команда күч сынашты», - деди ал.

Аталган кичи футбол аянтчасына жалпы 2 миң 815 сом жумшалып, анын 440 миң сому айыл ѳкмѳттүн бюджетинен бѳлүнсѳ, калган сумма республикалык бюджеттен каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 542
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×