Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Ысык-аталык мугалим С.Шадыканов республикалык сынактан «Мыкты гитарачы» наамына ээ болду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну Садык Шадыканов республика боюнча ѳткѳн сынакта «Мыкты гитарачы» наамын жеңип алган. Ал учурда Ивановка №1 орто мектебинде окуучуларга музыкадан сабак берет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Ивановка орто мектебин аяктагам. Андан кийин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинин музыкалык аспаптар бѳлүмүнѳн билим алып чыккам. Учурда Ивановка №1 орто мектебинде музыкадан сабак берем. Андан сырткары, вокал ийримди да иштетебиз. Ал жерге үнү жакшы балдарды кабыл алып, болгон билимимди берип, үйрѳтүүгѳ аракет кылам. Окуучуларым райондук, облустук сынактардан дайыма алдыңкы орундарды жеңип келишет. Мисалы, республикалык фестивалда окуучуларым 4-орунду ээлесе, мен «Мыкты гитарачы» наамын жеңип алгам», - деди ал.

Садык Шадыканов даяр ырларды обонго салганды жактырат.

«Мени менен чогуу иштегендер ыр жазып беришет. Мен ал чыгармаларды обонго салам. Жаштарга кеңешим — ар ким ѳз каалоосундагы кесипти тандаса жолунан адашпайт. Ар кайсы тоонун чокусун эңсебеш керек», - деди ал.

Садык Шадыканов үй-бүлѳлүү, бир кыз, үч уулдун атасы. Ал Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында 1959-жылы тѳрѳлгѳн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 395
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×