Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кызыл-Тууда 1,4 млн сомго футбол аянтчасы салынды (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында жаңы кичи футбол аянтчасы ачылды.

Аталган айыл өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, футбол аянчасын курууга жалпы 1 млн 400 миң сом акча каражаты сарпталды. Анын 1 млн сомун айыл өкмөт Өнүктүрүү саясат институтуна долбоор жазып утуп алган.

«Ал эми, айыл өкмөттүн бюджетинен 355 миң сом каралса, 45 миң сомду айылдын жаштары кошту. Куруу иштери былтыр башталган. Аянтчанын ачылышында атайын футболдук мелдеш өткөрдүк. Спорт — ден соолуктун булагы деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан аталган иш-чара жаштарды спортко үндөөнүн жакшы жолу болду», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 351
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×