Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

13 жаштагы кыз 7 айлык кош бойлуу: Мектеп директору кызматтан кетти

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жашаган 13 жаштагы кош бойлуу кыз №2 орто мектепте окуйт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бѳлүмүнүн башкы адиси Мария Узгенова билдирди.

Анын айтымында, окуучу кыздын бул окуясынан кийин мектеп директору өз арызы менен кызматынан кеткен.

«Бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөн. 25-сентябрда буйрук чыгып, комиссиянын курамы менен аталган мектепке барып текшерүүгө алдык. Кечээ директорлор кеңешинин кѳчмѳ жыйыны болду. Уюштуруучу менен социалдык педагогго сѳгүш жарыяланды. Класс жетекчиге, бардык мугалимдерге ар бир ата-эненин үйүнѳ барып, текшерүү иштерин жүргүзгүлө деген милдеттеме жүктѳлдү. Бүгүн бизде усулдук бирикменин башчысы класс жетекчилерге тарбиялык сааттарды туура ѳтүү боюнча семинар ѳткѳрүп жатат.

Ал эми, 13 жаштагы кош бойлуу кыз үйүнѳн окуп жатат. Учурда кыздын боюна бүтүшүнѳ ким күнѳѳлүү экени укук коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө», - деди ал.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, учурда кош бойлуулуктун 7-айындагы кыздын абалы жакшы. Ал апасы менен бирге турат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ымыркайдын атасын аныктоочу сот процесси улантылып жатат.

Мугалимдердин айтымында, кош бойлуу кыз сабактан калбай, жакшы бааларга окуган окуучулардын катарын толуктачу.

Аламүдүн районунун прокуратурасы 7-класстын окуучусунун окуясына байланыштуу сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттер боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде (жашы жетпегендерге сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттер жасалса, жыйырма жыл же өмүр бою эркинен ажыратылат) козголгон.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү материалдар прокуратурада каралып жатат. Андан кийин ал сотко өткөрүлүп берилет. Ал эми, прокуратура бул окуяга байланыштуу материалдар көзөмөл органына келе электигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1798
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×