Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Эл агартуу тармагында 20 жыл иштеген Назгүл окуучуларга чыгармачылык менен сабак өтөт (фото)

Turmush -  Назгүл Жуманалы кызы Ысык-Ата районундагы Ивановка №4 башталгыч мектебинин мүдүрү болуп эмгектенет. Ал аталган мектепке директор болуп жаңы шайланганда эсинен кеткис окуяга туш болгон. Аны аймактык кабарчыга айтып берди.

«Өзүм 11 жыл Ивановка №2 орто мектебинде мугалим болуп иштеп жүрүп, 2016-жылы Ивановка №4 башталгыч мектебинин мүдүрү болуп шайланып калдым. Бирок эртеси мурунку Ивановка №2 орто мектебине сабак бергени кетип калыптырмын. Эмгек жамаатыма айтсам, көпкө күлүшкѳн. Бул жумушка берилгендин белгиси болсо керек. Себеби мурунку мектептен да сабакка жакшы даярданып барчумун», - деди ал.

Ардактуу мугалим Башкаруу, укук, финансы жана бизнес эл аралык академиясын 2005-жылы аяктап, 2014-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен билим алган.

«Эмгек жолум 1997-жылдары башталды. Анда Кыргызстандын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын окуу бѳлүмүндѳ инспектор болгом. Анда 1999-жылга чейин иштеп, ушул эле жерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары жана немис тилинен мугалим болуп иштеп баштагам. 2002-жылы Талас шаардык бириккен аскер комиссариатында кабыл алуу жана сактоо инспектору боюнча адис болуп жумушка орношком. Кийин кайрадан мугалимдик кесипке кайтып келип, 2005-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка №2 орто мектебине информатика мугалими болуп кирдим. 2014-жылы ушул эле мектепте социалдык педагог болдум. 2016-жылдан баштап Ивановка №4 башталгыч мектебинин мүдүрү болуп иштеп келем», - деди ал.

Эл агартуу тармагында 20 жыл эмгектенген Назгүл Жуманалы кызы райондук, облустук жана Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталарына татыган.

«Мен окуучуларга чыгармачылык менен сабак ѳткөндү жактырам. Окуучулардын аң-сезимин ѳрчүтѳ турган усулдарды колдонуу керек. Баланын кабыл алуусу жакшырса, андан ары сабакты жакшы окуп кетет. Бир гана билим берүү менен чектелбей, окуучуларга маданияттуулукту, адептүүлүктү үйрөтүү зарыл. Мен азыркы күнгѳ чейин ѳзүмдүн билимимди жогорулатуунун үстүндѳ иштеп келем. Мугалим канчалык билимдүү болсо, окуучусу да ошончолук билимге сугарылат», - деди ал.

Назгүл айым үй-бүлѳлүү, 4 кыздын апасы.

«Жолдошум Алиев Медербек 1977-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айылында тѳрѳлгѳн. Улуу кызыбыз Акылай 8-класста окуса, экинчи кызыбыз Айдай 7-класс, үчүнчү кызыбыз Айтунук 3-класста окуп, кичүүбүз Айлин бала бакчага барат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 458
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×