Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Балдар үйүндѳгү Аделина 27 жаштагы апасын сагынып, издеп жатат (фото)

Turmush -  7 жаштагы Аделина Табалдиева Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүндө 2015-жылдан бери тарбияланып келет. Аталган мекеменин социалдык кызматкери Анара Асаналиеванын айтымында, ал быйыл «Актан-Акылай» бала бакчасына акысыз бара баштаган.

Апасы Айсалкын Табалдиеваны издеген кичинекей Аделинага аталган мекеменин кызматкерлери жардам берүүдѳ.

«Реабилитациялык борбордон 2015-жылы биздин мекемеге которулуп келген. Ошондон бери бизде тарбияланат. Аделинаны кабыл алган "Актан-Акылай" бала бакчасынын жетекчилигине ыраазыбыз. Аделинаны акысыз алышты. Анын жашоосунда эң жакшы күндѳр башталды. Ал башка балдар менен дос болуп, кадимкидей окуп, жазганды үйрѳнүп жатат. Бирок эң ѳкүнүчтүүсү апасын издеп, сагынып жүрѳт. Анткени бала бакчадан апалары балдарын кучактап алып кетип жатышканын кѳрүп, мусапыр болуп калат экен. Аны биз барып алып келебиз. Биздин борборго келген апаларды кѳрүп, аларды "апа" деп ээрчип калат. Биз анын мындай абалын кѳрүп, апасын издейли деп ойлодук. Апанын мээримин эч кимибиз бере албасак керек.

27 жаштагы апасы Айсалкын Табалдиева Жайыл районунун тургуну экен. Андан бѳлѳк апасы жѳнүндѳ маалыматыбыз жок», - деди алар.

Аделина музыка укканды, бийлегенди жактырат.

«Ал азыр жаңыдан окуганды, сүйлѳгѳндү үйрѳнүп келе жатат. Аделина биздеги балдар-кыздардын эң кичүүсү. Боорукерлик жагын айтсаң ыйлагың келет.

Биздин балдар үйүбүз пилоттук долбоордун негизинде иштейт. Айрым балдар тѳрѳлгѳндѳ же кичинекей наристе кезинде эле балдар үйлѳрүндѳ чоңоюшат. Ал жерден айрымдарын бизге которушат. Биз ал жактан келгендердин терс адаттарын калтырууга аракет кылабыз. Алар терс адаттарды мурунку жашаган балдар үйүнөн үйрѳнүп келишет. Мисалы, оюнчукту жашырып алуу, нанды керебеттин алдына катып коюу адаттарын биз оңдойбуз. Биз аларды жашоого толук кандуу адам кылып кошкубуз келет. Кайрадан алардын балдар үйүнө барып калуусун каалабайбыз», - деди ал.

Аделина Табалдиева Москва районунда 2010-жылы 23-апрелде жарык дүйнѳгѳ келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 581
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×