Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Кикбоксинг боюнча машыктыруучу К.Касымов 17 жылда ондон ашык чемпионду тарбиялады (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылынын 42 жаштагы тургуну Канатбек Касымов 17 жылдан бери спортчуларды машыктырат. Анын окуучулары кикбоксинг, тай боксу боюнча дүйнө чемпионаттарында жана Кыргызстанда өткөн таймаштарда байгелүү орундарды алып келет. Аймактык кабарчы машыктыруучу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 8 жыл спорт менен мышыгып, бир топ ийгиликтерге жеткен.

«Мектепте окуп жүргөндө 2-класстан баштап 8-класска чейин футбол ойнодум. Андан кийин кикбоксинг менен машыктым. Аларды салыштырып көрүп, кикбоксингди тандап алдым. 1996-жылдан баштап кикбоксинг боюнча Кыргызстандын курама командасына кирип, машыга баштадым. Кыргызстандын чемпиону, спорттун чебери болууга жетиштим. Мындан тышкары, дүйнө жана Европа чемпионатына катышып, сыйлыктардын ээси болдум. Спорт менен жалпы 8 жыл машыктым. 2000-жылдан бери кикбоксинг, тай боксу боюнча машыктыруучу болуп эмгектенип жатам. Бул спорт — чыдамдуу балдар үчүн. Айрымдары машыгууга келип, бирок көнө албай кайра кетет. Учурда Кең-Булуң айылында 20-30 окуучум бар болсо, Бишкектеги окуучуларымдын саны 30га жетет. Алардын арасында дүйнөнүн, Европанын, Азиянын жана Кыргызстандын чемпиондору бар», - деди ал.

К.Касымов 1996-жылы Айыл чарба техникумун аяктаган. Учурда жубайы экөө 2 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 458
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×