Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Сокулукта 28 мугалим «Эл агартуунун мыктысы» тѳш белгиси менен сыйланды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда Мугалимдердин кесиптик күнү белгиленди. Сокулук райондук билим берүү бѳлүмүнүн маалыматына караганда, аталган райондун 28 мугалими «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.

Аталган майрамдык иш-чарага жалпы 300гѳ жакын мугалимдер жана жергиликтүү бийликтин башчылары катышты. Иш-чарада 28 мугалим «Эл агартуунун мыктысы» тѳш белгиси менен сыйланса, ардак баракча менен 20 мугалим сыйланды. Ошондой эле, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан 2 мугалимге төш белги тапшырылды. Мындан тышкары, Сокулук райондук билим берүү бѳлүмүнүн жетекчиси Камчыбек Эмилбеков облустук иш-чарага катышып, «Кеменгер» сыйлыгына татыды.

Аталган райондо жалпы 2013 мугалим бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 401
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×