Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Сокулуктук О.Абдулазизов Казакстандагы аралаш мушташ боюнча дүйнѳлүк чемпионатта коло тагынды (фото)

Turmush -  Кыргызстандын мушкерлери Казакстандын Астана шаарындагы аралаш мушташ боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышып, алдыңкы орундарды багындырып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кыргызстандын аралаш күрөш жана панкратион боюнча федерациясынын вице-президенти Абасбек Доромбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган чемпионатка 27 ѳлкѳдѳн тандалган спортчулар катышты.

«Мелдеш Астана шаарындагы «Даулет» спорт комплексинде болду. Чемпионатка 9 мушкерди Кыргызстандын аралаш күрөш жана панкратион боюнча федерациясынын президенти Улук Өмүрзаков, мен жана делеция болуп 28 киши коштоп бардык.

Мелдештин жыйынтыгында 93 кг салмак арасында Осман Абдулазизов 3-орунду алды. Ал 2017-жылы Кыргызстандын чемпионатында алтын, Азия мелдешинде да алтын медаль тагынган. Анын машыктыруучусу — Рамазан Никорамазанов. Үчѳѳбүз тең Сокулук районунун тургунубуз. Мелдеш ѳтѳ жогорку деңгээлде ѳттү. Бул иш-чараны уюштурган Казакстандын аралаш күрөш, панкратион жана грэпплинг федерациясынын президенти Сагындык Макеевге чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Ошондой эле, Туратбек уулу Кубанычбек 70,1 кг салмак менен күмүш медаль, Рахманберди уулу Тѳлѳгѳн 77,1 кг салмак менен коло медаль, Анарбек уулу Азатбек 56,7 кг салмак менен коло медаль алды. Жалпы командалык эсеп менен Кыргызстан 3-орунду ээледи. 1-орунга Россия, 2-орунга Казакстан чыкты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 338
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×