Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Токмоктогу Шамшы көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын Шамшы көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар мэриясынан билдиришти.

«Токмок шаарынын мэриясынын тапшырмасы менен муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Шамшы көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды. Шаар мэри Ж.Шамыралиев бул ишти өзү көзөмөлгө алып, аткарылган иштер менен таанышып жатат», - деп билдиришти мэриядан.

Шаар мэри Ж.Шамыралиев буга чейин Ленин, С.Ибраев, Сакзавод көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн белгиледи.

«С.Ибраимов көчөсү оңдолуп бүтүп калды. Буга чейин Ленин көчөсүн оңдоп-түзөөдөн өткөргөнбүз. Дагы башка көчөлөрдү оңдоо планыбызда бар. Азыр аба ырайына байланыштуу оңдоо иштери бир аз токтоп калды. Ошондой эле, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен базардын айланасындагы көчөлөрдү асфальттоо иштери аяктап калды. Шамшы көчөсүн оңдоо боюнча тендер өткөрүлүп, 14 млн сом каражат каралган. Тендерди 11,5 млн сомго жол салуучу ишкерлердин бири утуп алып, оңдоп-түзөө иштерин баштады. Быйылкы жылдагы план боюнча Токмок шаарынын ички жолдорун оңдоо иштерине 25 млн сомго жакын акча каражаты сарпталып жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 320
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×