Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Ысык-Атадагы карылар үйүнѳ студенттер концерт коюшту (фото)

Turmush -  Карылар күнүнө карата Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Тѳмѳнкү-Серафимов социалдык станционардык мекемесинде иш-чаралар ѳтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мекеменин эмгек инструктору жана маданият кызматкери Сейталиева Назгүл билдирди.

«Мекемебизге кайрымдуулук уюмдар, боорукер жарандар, студенттер келип ѳз жардамдарын берип, концерттик программа уюштуруп жатышат. Кечээ И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин 20дан ашуун студенттери келип, ѳздѳрүнүн чакан концерттик программасын коюп кетишти. Алар ата-эне, бир туугандарга, мекенге арналган ырларды ырдап, улуттук жана чыгыш бийлерин бийлешти. Биздин мекемедеги карылардын маанайы кѳтѳрүлүп, иш-чарага активдүү катышып отурушту», - деди ал.

Төмөнкү-Серафимов айылындагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемеси 1956-жылы иштеп баштаган. Ал 500 орунга ылайыкталган жана республикадагы ири социалдык стационардык мекеме болуп саналат. Азыркы убакта бул жерде 350 карыя жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 298
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×