Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: 31 жаштагы уста М.Курманов үйдүн шыбын кыргыз оймо-чиймелери менен жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын 31 жаштагы тургуну Мирбек Курманов устачылык менен 8 жылдан бери алектенип келет. Ал үйдүн шыбын кыргыз оймо-чиймелери менен жасаганды жактырат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен устачылыкты атамдан үйрѳндүм. Жанында жардам берип жүрүп, устачылыкка кызыгып калдым десем болот. Бул ѳнѳр менен 2009-жылдан бери алектенип келем. Ѳзүм Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин информатика факультетин аяктагам.

Бардык буюмдарды жасай берем. Ѳзгѳчѳ татаал жана кооз кѳрүнүштѳрдү жасаганды жактырам. Азыр кардарлар кѳбүнчѳ үйдүн шыбына асман, планета, оймо-чийме жана жылдыздардын элесин түшүрүп жасатууда. Анын бир чарчы метри 380 сомдон 1500 сомго чейин бааланып жатат. Кардарлар кудайга шүгүр, айрыкча күз мезгилинде бизде иш кѳбѳйѳт», - деди ал.

Мирбек Курманов Бишкек шаарында 1986-жылы тѳрѳлгѳн. Үй-бүлѳлүү, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 507
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×