Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Фото - Суусамырлык Э.Акинбаевди апасы 9 жылдан бери издеп жатат

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр айылынын 32 жаштагы тургуну Эркинбек Акинбаев 9 жылдан бери изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын бир тууган карындашы Жароокер Токторбек кызы айтып берди.

Өзүнүн айтымында, агасы Э.Акинбаев 2008-жылы 2-февралда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.

«Э.Акинбаев менин улуу байкем. Ал 1985-жылы 22-июнда мурунку Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал 1992-жылы Ново-Павловка айылындагы №2 орто мектебине 1-класска кирип, ал жерде 4-класска чейин окуган. Андан соң, Суусамырдагы орто мектепке которулуп келип, талма оорусу менен ооругандыктан 8-классты эле бүткөн.

Байкем 2008-жылы 2-февралда эртең менен үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Быйыл аны издеп жатканыбызга 9 жыл болду. 2008-жылы 2-февраль күнү кечинде Көкө-Мерен дарыясына түшүп кеттиби деген ой менен суунун жээгин бойлоп издедик. Андан кийин "Издейм сени" телекөрсөтүүсүнө 2 жолу кайрылып, Ош, Нарын жана аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө дагы кабарладык. Бирок тилекке каршы тапкан жокпуз. Ортодон көзү ачыктарга да бардык. Алар "Казакстан тарапта, жакшы адамга туш болгон. Кийин үй-бүлө күтүп кайтып келет" дешти.

Байкем ак көңүл, өтө берешен адам эле. Байкем жоголгондон бери баарыбызга абдан кыйын болду. Азыркыга чейин күтүп сагынабыз. Дагы деле үмүтүбүз чоң. Апам күнү-түнү ыйлап, кайгыга батып бүттү», - деди ал.

Эркинбек Акинбаевди көргөн-билгендер 0554 69 25 85, 0559 27 02 98 номурларына чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1784
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×