Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Тиш доктур Д.Кахаров бейтап кийме тишти кантип жутуп алганын айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында тиш доктур болуп эмгектенген Дүйшѳн Кахаров кыздардын тиши таза болсо, анын кѳркүнѳ кѳрк кошуларын айтты. Ал 5 жылдан бери тиш доктур болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

- Тиш доктурлар кыздарды тишине карап сүйсѳ керек?

- Андай деле эмес. Эгер сүйгѳн кызыңдын тиши начар болуп, бирок башка сапаттары жакшы болсо, анда тишин жасап, оңдоп алcаң болот. Кыздардын тиши таза болсо, анда анын сулуулугу артат. Кѳркүнѳ кѳрк кошулат.

- Сиз азыр бойдоксузбу?

- Буюрса дагы 1 ай бойдокмун.

- Бойдок экен деп айрым окурмандар кызыгып калган чыгар, ѳзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.

- Мен 1992-жылы 12-октябрда Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Мукур айылында тѳрѳлгѳм. 2000-жылдан 2005-жылга чейин Жээк айылындагы К.Жакыпов орто мектебинде окугам. Кийин Дмитриев айылындагы орто мектепке которулуп, 2010-жылы бүтүрдүм. Мектепти аяктаган соң, 2010-жылы Токмок шаарынын медициналык колледжине тапшыргам. 2013-жылы аны ийгиликтүү кызыл диплом менен аяктадым. Үй-бүлѳдѳ жети бир туугандын экинчисимин.

- Тиш доктур болуп иштеп жатканыңызга канча жыл болду жана бул кесипти бала кезден эле кыялданчу белеңиз?

- Тиш дарыгери болуп 4-5 жылдан бери иштейм. Кичинекей кезимде медицина адамы болууну кыялданчумун. Кыялым ишке ашты. Биринчи бейтап, биринчи ийне – булардын баары мени толкундаткан. Бирок теорияны практика менен айкалыштыруу мага анча кыйын болгон жок.

- Бул жашоодо сизди кубандырган, ѳкүндүргѳн нерселер...

- Бул жашоодо кубанганым – менин айланамда ата-энем, бир туугандарым аман, дос- курбуларымдын эсен жүргѳнү. Ошондой эле, бул жашоодо ѳзүмдүн сүйүктүү кесибимди тапканым. Ѳкүнгѳнүм – убагында шартка байланыштуу жогорку окуу жайга тапшыра албаганым.

- Сиздерде жумуш убактысында кѳп эле окуя болсо керек. Эсиңизден кетпегенин айтып бересизби?

- Биз эл менен иштегендиктен күлкүлүү окуя кѳп болот. Ар бир күнүм шаңдуу ѳтѳт. Эстен кетпеген бир окуя болгон. Анда биринчи практикага барган кезим эле. Жанымда тажрыйбалуу эле дарыгер бейтап кемпирдин алтын кийме тишин оозуна чактап жатса, ал алтын тишти жутуп алган. Баарыбыз күлүп, «эми 3 күндѳн кийин келиңиз, жутуп алган тишти эмес, башкасын жасайлы» деп аны үйүнѳ жибердик. Арадан 3 күн ѳтүп, баягы кемпир келди. Биз ага жаңы тиш салып берели деп жатсак, ал баягы жутуп алган тишин жууп-тазалап чѳнтѳгүнѳ сала келиптир. «Ушуну эле салгыла» деди. Биз аны кѳрүп боорубуз эзилип, анын ѳтүнүчү менен ошол эле тишин салып бергенбиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4319
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×