Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Вице-премьер каза болгон жол кырсык: Тергөөчүлөр «КамАЗдын» айдоочусун суракка алып жатышат

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун «Тойота Ланд Крузери» менен кагышкан «КамАЗдын» айдоочусунун жанындагы 27 жаштагы жигит Москва райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Анын учурдагы абалы канааттандырарлык, деп билдирди аталган оорукананын директору Болот Шеримбаев.

Анын айтымында, Чалдыбар айылынын 27 жаштагы тургуну Бекназар Шаршенбаевдин оң буту сынган.

«Азыркы тапты бул бейтаптын абалы канааттандырарлык. Бардык жардамдар көрүлүп, дарыланып жатат», - деди ал.

Ал эми, аталган жол кырсыктын күбөлөрүнүн айтымында, «КамАЗдын» айдоочусун милиция кызматкерлери окуя болгон жерден эле алып кетишкен.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы каза болгон жол кырсыкты ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы иликтеп жатышат. Учурда тергөөчүлөр «КамАЗ» жүк ташуучу унаасынын айдоочусун суракка алууда.

Жол кырсык боюнча азырынча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бүгүн, 7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында жол транспорт кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров көз жумду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсыктан аны менен кошо жардамчысы, айдоочусу да каза болду. Аталган окуя Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында болгон. Вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилди.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жаткан.

Бийлик вице-премьер-министрдин каза болгондугун тастыктады. Анда «Тойота Ланд Крузер» менен «КамАЗ» кагышкан. «Тойота Ланд Крузердин» ичинде вице-премьер-министр Жумакадыров Т.К., жардамчысы Жамгырчиев Нурлан Эрикович жана айдоочусу болгон.

Учурда жол кырсыкта каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жардамчысы Нурлан Жамгырчиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда өтүп жатат.

Маалым болгондой, маркум менен коштошууга Президенттик аппараттын кызматкерлери, кесиптештери, жолдоштору, жакындары келишти.

Нурлан Жамгырчиев 32 жашта болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8698
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×